Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:24

Илон Маск Ай менен Марска жеткирчү кемени көрсөттү


Илон Маск.

«SpaceX» компаниясынын башчысы Илон Маск »Starship» аттуу космостук кемени көрсөттү. Анын бортунда экипаждар менен Айга жана Марска учуу пландалууда. Алгачкы сыноо жакынкы айларда уюштурулат.

Масктын айтымында, кемени бир канча жолу пайдаланса болот. Алгач ал космосто эки ай болуп, анан Жерге кайтат.

Илон Масктын планы боюнча, 2025-жылы Марска миссия жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк ачылат. Аппарат жүзгө чейин адамды батырат жана ага 150 тонна жүк жүктөсө болот.

Кеменин алгачкы жүргүнчүсү миллиардер Юсаку Маэдзава болору айтылган. Ал Айга турист катары барары кабарланган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG