Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

БУУнун жыйынында Бишкек экология маселесин көтөрдү


Нью-Йорктогу жыйын.
Нью-Йорктогу жыйын.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Борбор Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык маселесин чечиш үчүн кошумча каражат тартууга көмөктөшүүгө жана эл аралык тилектештикти күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 27-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын аянтчасында баяндама жасаган учурда айтты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын демилгесинен улам Тажикстан жана Өзбекстан менен кошо Европа Биримдигинин, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун колдоосу астында «Борбор Азия эл аралык тилектештикке чакырат» деген ураан менен чөлкөмдө мурдагы уран казуу ишине байланышкан коркунучтарга арналган иш-чара уюштурулду.

Биргелешкен иш-чаранын ишинде БУУга кирген мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышып, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Буриан модераторлук кылды. Ага экс-президент Роза Отунбаева да катышты.

Борбор Азияда уран калдыктарынын экологиялык маселеси 2018-жылы БУУнун алкагында талкууланган.

XS
SM
MD
LG