Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:22

Нарында жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында жер титиреди. Улуттук илимдер академиясынын маалыматына караганда, жердин силкинүү күчү 3 баллга жетти.

Жер титирөөнүн очогу Эпкин айылынан түндүк-батышты көздөй беш чакырым, Чаектен түндүк-чыгыш тарапка 15 чакырым аралыкта жайгашкан тилкеде болду.

Силкинүүнүн очогу Баш-Кууганды, Эпкин, Байзак, Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Куйручук, Чаек, Чоң-Дөбө, Ак-Татыр, Кызыл-Туу айылдарында 3 балл болуп сезилди.

Кыйроо жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG