Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Кесиптик кошуундар уюму нааразылык акциясын өткөрдү


Кыргызстандык жумушчулар.
Кыргызстандык жумушчулар.

Бүгүн Кесиптик кошуундар үйүнүн алдында нааразылык акциясы өттү.

Кесиптик кошуундар федерациясы уюштурган чакан митингде Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбооруна каршылык айтылды.

Федерациянын мүчөсү Канат Осмоновдун белгилешинче, депутаттар иштеп чыккан долбоор бир катар нормаларга каршы келери аныкталган:

- Эмгектин эл аралык уюму, бүткүл дүйнөлүк жана тармактык кесиптик кошуундар, КМШ алкагындагы уюмдар бул мыйзамдын долбоорун көрүп “Эмгектин эл аралык нормаларына, профсоюздардын жаратылышына каршы келген жерлери көп экен” деген корутундусун беришти. Бирок ошол сунуштардын анча-мынчасы гана кирип жатат.

Профсоюздар депутаттар алардын пикирин эске албай жатканын, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса эмгекчилердин кошуундарга биригүү укугу чектелип, мүчөлүк төлөмдөрдү аныктоо укугу өкмөткө өтөрүн айтып жатышат.

Бүгүнкү митингде эгер алардын пикири эске алынбаса 7-октябрда нааразылык акциялары уланары айтылды.

Парламентте иштелип чыккан мыйзам долбоору быйыл апрель айында коомдук талкууга коюлган, июнь айында биринчи окууда кабыл алынган. Анын авторлору Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүндө бирдиктүү саясат жоктугун, республикалык бирикме тармактык, аймактык уюмдар менен системалуу түрдө иштей албай жатканын жана мыйзамдык базанын так эместигин жүйө келтирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG