Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:00

Чек ара чырында жабыркаган жоокер эсине келди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта ок тийип, комага түшкөн жоокер эсине келгенин 30-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жоокер Бишкектеги Улуттук госпиталда жатат, абалы орто.

Аталган ооруканада дагы эки аскер адамы дарыланууда. Андан тышкары, дагы беш чек арачы Аскер госпиталына которулган. Жаракат алган карапайым тургундарын арасынан бир аял ооруканада, башкалары үйлөрүнө чыгарылды.

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандык аскер Равшан Муминов каза таап, 13 адам жаракат алган. Тажикстан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG