Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

«Ыкчам кызматкербиз» дегендер Кулчумановдун кайда экенине кызыгышты


Айбек Кулчуманов.
Айбек Кулчуманов.

Өзүн милициянын ыкчам иликтөө тобунун кызматкери деп тааныштырган кишилер «Азаттыктын» карактоого кабылган оператору Айбек Кулчумановдун кайсы ооруканада дарыланып жатканына кызыгышты. Алар 30-сентябрда эртең менен Кулчумановдун мыйзамдуу өкүлү Анара Мамиевага телефон чалышкан.

- Мен «Айбектин коопсуздугу үчүн анын кайсы ооруканада экенин айта албайм», дедим. «Силердин кызыкчылыгыңар кандай? Сурак болобу? Беттештирүү болобу?» деп сурап, Айбек менен чогуу барарымды же өзүм барышым мүмкүн экенин айттым. Алар «тергөөчүдөн сурайлы» деген бойдон кайра байланышкан жок, - деди ал.

Мамиева телефон чалгандар милициянын өкүлү экенинен да күмөн санап жатканын, алар Кулчумановдун каерде экенин билүү максатында гана чалышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Анын айтымында, Айбек Кулчуманов медициналык текшерүүдөн өтүүнү улантууда. Мамиева дарыгерлерге таянып билдиргендей, ал дагы эле нес болуп жүрөт жана тулку боюнун оң жагы ооругансып турат.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирүүдө.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду. Мамиева бул пункт менен иш териштириле баштаганда, кылмыш катышы бар деп шек саналгандар дароо кармалышы керек экенин белгиледи. Милиция болсо териштирүү жүрүп жатканын билдирүүдө.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Тартып алынган жабдуулар милицияга тапшырылганы айтылды, бирок «Азаттыкка» кайтарыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG