Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Ооганстанда Абдулла шайлоодо өзү жеңгенин жарыялады


Абдулла Абдулла.
Абдулла Абдулла.

Ооганстандын премьер-министри Абдулла Абдулла президенттик шайлоодо башкы саясий атаандашы, учурдагы президент Ашраф Ганини утуп чыкканын жарыялады. Ал 30-сентябрда Кабулдагы басма сөз жыйынында добуштарды өздөрү эсептеп чыккандан кийинки жыйынтыкка таянып билдирди.

- Биз шайлоодо көп добуш алдык жана шайлоонун экинчи айлампасы болбойт, - деди Абдулла.

Ооганстанда 28-сентябрда «Талибан» кыймылынын бийлиги кулагандан берки 4-ирет президенттик шайлоо өттү жана анда шайлоочулардын 20дан ашыгыраак гана пайызы добуш берди.

Бул көрсөткүч 2014-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу өтө аз болду: анда жети миллионго жакын адам добуш берген.

Байкоочулар шайлоочулардын добушканаларга аз келишинин башкы себебин «Талибан» кыймылынын опузасы менен түшүндүрүштү.

Шайлоого жалпысынан 15 талапкер ат салышканы менен негизинен Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла теңтайлашып, атаандашкан. Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоого катышып, «ит жыгылыш» болгон. АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен бийлик бөлүштүрүлгөн болчу. Бирок ошондон бери эле экөөнүн тиреши токтой элек.

XS
SM
MD
LG