Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Парижде Франциянын экс-президенти Жак Ширактын зыйнаты өттү


Париждеги Жак Ширактын зыйнаты.
Париждеги Жак Ширактын зыйнаты.

30-сентябрда Францияда мурдагы президент Жак Ширактын сөөгү жерге берилди. Анын зыйнатына президент Эммануэл Макрон, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон сыяктуу азыркы жана мурдагы дүйнө лидерлери катышты.

Жак Ширак 26-сентябрда 86 жашында көз жумган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал саламаттыгынан улам коомчукка көп аралашпай, көрүнбөй калган.

2005-жылы саясатчы оор инсультка кабылган, андан кийин да бир нече ирет ооруканага түшкөн.

Жак Ширак өлкө башында 1995-жылдан 2007-жылга чейин турган. Ал президенттикке чейин Париждин мэри, өкмөт башчы болуп иштеген.

Эл аралык коомчулук Жак Ширакты ириде 2003-жылы АКШнын Ирактагы аскердик операциясына каршы чыккан саясатчы катары билет.

XS
SM
MD
LG