Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

«Азаттык» кызматкерлеринин коопсуздугунан улам ИИМге кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу өз кызматкерлерине карата опуза чакырыктар болуп жатканына байланыштуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге расмий кат жиберди.

Буга соцтармакта жарыяланып жаткан айрым пикирлер, алардын арасындагы «"Азаттыктын" "эл бузарлары" Оштон чыгып кетсин» деп жаштар чогулуп жатыптыр!» деген өңдүү радикалдык маанайдагы билдирүүлөр себеп болду.

Мыйзамга ылайык, журналист маалымат алууга укуктуу, иштеп жатканда анын коопсуздугун мамлекет толук камсыз кылып бериши керек.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райым Матраимовдун аты аталган.

Тартып алынган жабдуулар милицияга тапшырылганы айтылды, бирок «Азаттыкка» кайтарыла элек.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар, ошондой эле коомдук ишмерлер бийликти «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго байланышкан окуяны тыкыр иликтөөгө чакырып, бул сөз эркиндигине сокку болгонун белгилешти.

XS
SM
MD
LG