Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:35

Норвегиядан Казакстандын 45 жараны депортацияланды


Норвегиядагы полициянын машинеси.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Норвегияда миграция мыйзамдарын бузган 45 казак жараны депортацияланганын билдирди. Дагы 14 киши 1-октябрда өлкөдөн чыгарылат. Министрликтин басма сөз катчысы Айбек Смадияровдун айтымында, жалпысынан 59 казакстандык мыйзам бузганы аныкталган. Алар Норвегияга турист катары барып, ошол жакта иштеп калышкан.

Смадияров кошумчалагандай, Казакстандын жарандарына Норвегияга барыш үчүн документтер Ослонун Орусиядагы элчилигинде берилет.

Иммиграциялык мыйзамдарды бузган 68 чет өлкөлүк камакка алынганын норвегиялык VG басылмасы полицияга шилтеме кылып 25-сентябрда жазган. Көбү казакстандыктар, алтоо Кыргызстандын, экөө Орусиянын жараны экени кабарланган. Аларды полиция Эйдсволл шаарчасындагы мейманканадан кармаган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG