Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Нарында Кытайдын көмөгү менен логистикалык борбор курулат


Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган топтун Кытай делегациясы менен жолугушуусу.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган топтун Кытай делегациясы менен жолугушуусу.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытайдын көмөгү менен өнөр жай соода-логистикалык борбору курулат. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тууралуу 1-октябрда кабарлады. Бирок курулуш качан башталары так маалымдалган жок.

Нарын облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жолугушуп, долбоорду талкуулады. Борборду куруу эки өлкөнүн мамлекет башчылары мурда кол койгон макулдашуунун алкагында ишке ашат.

Өкмөт соода-логистикалык борбордун ачылышы менен Нарында 13 миң жумуш орду түзүлөт, инвестиция тартылып, экспорт көбөйөт деп билдирүүдө.

«Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат»,- деп айтылат расмий кабарда. Бирок акчанын булагы чечмеленген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG