Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Митинг уюштурган активист милициянын кысымына кабылганын айтып чыкты


Урмат Жаныбаев. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Урмат Жаныбаев. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Активист Урмат Жаныбаев күч түзүмдөрүнүн басымына кабылып жатканын айтып чыкты. Бүгүн 1-октябрда ал Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу маалымат таратып, чек арадагы окуяга байланыштуу митинг уюштурууга аракет жасаган башка да активисттерге карата куугунтук жүрүп жатканын билдирди.

Активисттин айтымында, жарандык кийимчен милиция кызматкери анын үч жашар кызы тарбиялануучу бала бакчага барып сураштыруу жүргүзгөн, апасы жашаган үйгө да барып, ар кандай суроолорду берген жана мунун баары видеого тартылып калган.

“Укук коргоо органдарына кайрылам: эгер сурооңор болсо менин өзүмө кайрылып, бетиме айткыла. Ыплас ыкмаларды токтоткула” деп жазды Жаныбаев.

16-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, кыргызстандык бир чек арачы каза тапкан, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

17-сентябрда ондогон активист Бишкектин Ала-Тоо аянтына чогулуп, бийликтен чек ара маселесин чечүүнү талап кылган. Алардын арасында Урмат Жаныбаев да болуп, окуяны Фейсбук аркылуу түз чагылдырып турган, бийликти сындаган бир катар ураандарды айткан. Митингчилерди милиция кармап кетип, кайра кое берген.

Активисттин бүгүнкү билдирүүсүнө байланыштуу “Азаттык” комментарий сурап Ички иштер министрлигине кайрылды. Азырынча жооп ала элек.

Жаныбаев буга чейин Кыргызстанда уран казууга, коррупцияга, Евразия экономикалык биримдигине каршы да ураандарды ачык айтып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG