Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:13

Сокулукта кулчулукка кабылганы айтылган аялдардын жагдайы иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Сокулук районунун тургуну үч аялды кулчулукта кармап турганы жөнүндөгү маалыматты милиция териштирип жатат. Факт Жазык кодексинин 172-беренеси («Мыйзамсыз жол менен эркинен ажыратуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

30-сентябрда Интернет булактарында чыккан маалыматтарда Сокулуктун тургуну үч аялды кулчулукта кармап, бирөөнү чынжырлап койгону айтылган. Милицияга арызды алардын биринин тууганы жазган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева шек саналган кишилер суракка алынып, экспертиза жүрүп жатканын билдирди. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG