Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы жемкорлук боюнча шектүү катары кармалганын билдирди.
Расмий маалыматка караганда, ал Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунан 7 гектардан ашык жерди турак жай куруш үчүн мыйзамсыз бөлүп берип, «жең ичинен көрсөткөн кызматы үчүн» 2 миллион сом алган.
Аны УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кармап, камакка алганы 1-октябрда кабарланды.