Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:33

Сакал коюуга каршы чыккан Фергананын акими «катуу эскертүү» алды


Шухрат Ганиев.

Өзбекстандын Сенаты Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевге «катуу эскертүү» берди. Мунун алдында Ганиев жыйын өткөрүп, кызматкерлеринен сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы өнөктүк баштоону, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккандан кийин Сенаттын этика боюнча комиссиясы Ганиевди чакырып алып, окуяны териштирген. Фергананын акими анда «аша чапканын» мойнуна алып, кечирим сураган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын колуна тийген аудио жазууда Шухрат Ганиев жыйында:

- Урматтуу райондун акимдери, эскертип коеюн, силердин жыйыныңарда аялдар жоолукчан отурса, мен алардын мугалим, маале башчы, ишкер, коомдук ишмер же жергиликтүү кеңештин депутаты экенине карабайм, жоолуктарын жулуп алып, силердин оозуңарга тыгам, - деп опузалаган.

Фергана облусунун администрациясы Ганиевдин сөздөрү «туура эмес чечмеленип калды» деген мазмундагы билдирүү тараткан.

«Аким айрым жарандардын кебете-кешпири тууралуу сөз кылган. Кээ бир адамдар сакал коюп алганы менен аны багып, күткөндү билбейт, аялдар оронуп-чулганып хижаб кийип алат. Аким мунун баары биздин динибиздин милдеттүү талабы эмес экенин айткан. Биздин жарандардын кийген-турганынын чет өлкөлүк коноктордун биздин өлкө тууралуу ой-пикири жаралат», деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстанда бийлик сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы тымызын өнөктүк жүргүзүп келет. Буга чейин айрым облустарда жарандардын сакалын күчтөп алдырткан учурлар катталган. «Азаттыктын» өзбек кызматы Кокондо жоолукчан окуучу кыздар жашыруун тизмеге алынып жатканын жазган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG