Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Индонезияда никеге чейинки жыныстык катнашты тыйган мыйзам долбоору каралат


Индонезияда Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү нааразылык жаратты.
Индонезияда Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү нааразылык жаратты.

Индонезияда 1-октябрда парламенттин жаңы курамы ант берип, ишке киришти. Өлкөдө ушул тушта Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талаш-тартыш менен нааразылыкка кабылды. Мурдагы чакырылыштын депутаттары дүйшөмбүдө бул документти карап, кийинкиге жылдырган.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса никеге чейин жыныстык катнашка барууга, бойдон алдырууга, ошондой эле президентти, мамлекеттик символдорду жана динди мазактоого тыюу салынмакчы.

Буга каршы миңдеген адам, негизинен студенттер көчөгө чыгып, полиция менен кагылышкан. 30-сентябрда борбор шаар Жакартадагы демонстранттарды таратыш үчүн полиция жаш агызчу газ колдонду.

XS
SM
MD
LG