Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Ата-энеси өлүп, кароосуз калган үч баланы Кыргызстанга өткөрүү иштери жүрүп жатат


Санджидзор кыштагы.
Санджидзор кыштагы.

29-майда Тажикстандын Канибадам районундагы Санджидзор айылынын кыргыз улутундагы үч тургуну киши колдуу болгонуна байланыштуу жашы жете элек үч баланы Кыргызстанда жашаган туугандарына өткөрүп берүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, ата-энесиз калган кыргыз балдарды Кыргызстанда жашаган туугандарына өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги коңшу өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле балдарды туугандарынын колуна өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандагы мамлекеттик органдары менен чогуу зарыл иштер жүргүзүлүп жатат.

Ата-энеси Тажикстанда каза болуп, томолой жетим калган балдарын Кыргызстандагы туугандары багып алууга даяр экенин айтып, жардам сурап кайрылып жатышканын 6-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламент отурумунда айтып чыккан.

Тажикстандын Согд облусунун Канибадам районундагы Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү эки үй-бүлөдөн алты адам киши колдуу болгону кабарланган. Андагы бир үй-бүлө этностук кыргыздар, экинчиси тажик үй-бүлөдөн.

Кыргыз үй-бүлөдөн киши колдуу болгондор 54 жаштагы аял, 47 жаштагы иниси жана анын 46 жаштагы жубайы экени, каргашалуу түнү жубайлардын үч баласы да ошол жерде болгону, алар аман калганы кабарланган.

Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн жакын туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. 54 жаштагы Зулхо Иброхимова Санжидзор кыштагындагы орто мектепте директордун орун басары болуп иштегени белгилүү болгон. Бул мектепте этностук кыргыздардын балдары билим алат.

“Озоди” радиосунун маалыматында, тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы келин жана анын 17 жана 14 жаштагы эки окуучу уулу каза болду. Туугандары үчөө тең киши колдуу болгонун айтып берди. Келин айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, күйөөсү Орусияда миграцияда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG