Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

«Открытая Россия» кеңешинин мүчөсү Финляндиядан баш паанек сурады


Финляндиянын желеги.
Финляндиянын желеги.

Орусиялык саясатчы, оппозиционер Алексей Навальныйдын штабынын координатору Евгений Пашуткин Финляндиядан өзүнө жана үй-бүлөсүнө баш калка сурады. «МБХ медиа» басылмасы кабарлагандай, ал өз ишмердигине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал экенин билдирген.

Пашуткин - бийликти сындап келаткан «Открытая Россия» кеңешинин мүчөсү жана анын тармактык кыймылынын координатору. Уюмдагы ишмердиги үчүн мурдараак ага эки ирет административдик протокол түзүлгөн. Ал Финляндияда жүргөн кезинде Тергөө комитети анын ишине кызыгып жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн айтууда.

XS
SM
MD
LG