Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 20 миң окуучу кыздын билим алышы жакшырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл жериндеги аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган 20 миң окуучу кыздын билимин тереңдетип окутканга шарт түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюмунун жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде менен окуучу кыздардын билимин жогорулатууга багытталган STEM программасын талкуулаган учурда айтылды. Долбоордун алкагында Кыргызстандын айыл жерлеринде жашаган жана Бишкек шаарынын четиндеги конуштардын аз камсыз болгон тургундары, ички мигранттардын 15-18 жаштагы балдары атайын программанын жардамында өзүнүн жөндөм, мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатса болот.

Аларга ишкер аялдардын лидерлери жардам беришет. Мындан сырткары мектептерде кесиптик билим берүүгө багытталган класстарды ачуу, окуу куралдарын жана окуу программасын кайра карап чыгуу пландалган. Мугалимдер гендердик теңдик жана билим берүүгө гендердик-сезимтал мамиле жасоо боюнча онлайн окуу курстарынан өтүшөт.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, учурда билим берүүгө толук тартылбаган жаштардын арасында гендердик тең укуктуулук сакталбай жатат. Кыздар - 29%, балдар - 12,1 пайызды түзөт. Мындай маселе жумушсуз жаштардын арасында да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG