Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Чехиянын атактуу ырчысы Карел Готт көз жумду


Карел Готт Москвадагы сахнада. 1-сентябрь, 1978-жыл.
Карел Готт Москвадагы сахнада. 1-сентябрь, 1978-жыл.

Чехиянын белгилүү эстрада ырчысы Карел Готт 80 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал шейшемби күнү кечинде көз жумганын жакын туугандары кабарлашты. Сентябрь айынын ортосунда ырчы курч лейкоз илдетинен дарыланып жатканын кабарлаган эле.

Карел Готт 1960-жылдары эле Чехиянын атактуу таанымал ырчысына айланып, «Чыгыштын Синатрасы», «Праганын кубулжуган добушу» деген атка конгон. Анын Чыгыш Европада, мурдагы советтик жумурияттарда, Германияда сансыз күйөрмандары бар.

Ал Чехиядагы «Алтын булбул» наамын кеминде 30 жолу жеңип алган. Дүйнө өлкөлөрүндө анын 50 миллиондон ашуун альбомдору сатылган.

XS
SM
MD
LG