Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Искендер Матраимов: «Азаттык» боюнча милицияга кысым көрсөткөн жокмун


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов Ошто «Азаттык» радиосунун кабарчысы кабылган окуяга байланыштуу милицияга басым жасабаганын айтууда.

Бул тууралуу ал бүгүн 2-октябрда «Азаттыктын» эфиринде сүйлөп жатып билдирди:

- Милиция текшерип жатат. Милицияга барып айтканым жок, чалганым да жок. Себеби эртеси күнү мени тартып алып «милицияга кысым көрсөтүп жатат» дебеши үчүн.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Искендер Матраимовдун бир тууганы Райымбек Матраимовдун атын аташкан.

Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. (RK)

XS
SM
MD
LG