Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Сурабалдиева: Кесиптик кошуундар боюнча кызыкчылыктар кагылышы бар (видео)


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңеш «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап, ал экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Талкуу бир топ талаш-тартыш менен коштолду. Талкуунун жүрүшүндө айрым депутаттар сунушталып жаткан мыйзам долбоору бийликти бир кишинин, кесиптик кошуун жетекчисинин колуна берүү максатын көздөй турганын белгилешти.

Эл өкүлдөрү Кыргызстан Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун жыйынга келбегенин сынга алышты. Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин кароосунан өтүп, жактырылган.

Депутат Элвира Сурабалдиева комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекованын Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жубайы экенин эске салып, мында кызыкчылыктар кагылышы болуп жатканын белгиледи.

- Сиз комитеттин төрайымы катары добуш берүүгө катышпай турушуңуз керек эле. Муну менен сиз кызыкчылыктар кагылышы бар экенин тастыктадыңыз. Бул бардык нормалардын бузулушуна жатат. Биз, парламент ар кандай күмөн саноодон алыс болушубуз керек, - деди Молдобекова.

Сурабалдиева Асанакунов губернатор болуп турганда кылмыш иши козголгонун, бул мыйзам долбоорун башка комитет карашы керек экенин кошумчалады.

Гүлкан Молдобекова күйөөсү Ысык-Көлгө тажыяга кеткенин, мыйзамды лобби кылбаганын айтты.

Мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыккан. Алардын бири депутат Мирлан Бакировдун пикиринде, «Кесиптик кошуунда 1 млрд. сомдон ашуун каражат айланып турат». Эл өкүлү ири мүлк объектилери бар экенин, алардан түшкөн каражат кайда жана кандай жумшалып жатканы белгисиз экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы экени белгилүү болду. Алар депутаттар тобу сунуш кылгандай эмес, учурдун талабына жооп берген мыйзам керек деген пикирин айтышты.

Парламентте иштелип чыккан мыйзам долбоору быйыл апрель айында коомдук талкууга коюлуп, июнь айында биринчи окууда кабыл алынган. Анын авторлору Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук, бирдиктүү саясат жоктугун, республикалык бирикме тармактык, аймактык уюмдар менен системалуу түрдө иштей албай жатканын жана мыйзамдык базанын так эмес экенин жүйө келтиришүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG