Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Шыкмаматов сөз эркиндигин коргоого чакырды


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов сөз эркиндигин коргоого чакырды. 3-октябрда «Азаттыктын» талкуусуна катышкан учурда буга чейин «Апрель», «Сентябрь» телеканалдарынын жабылышы туура эмес болгонун, бул көрүнүш уланбашы керек экенин белгиледи:

- Мамлекетте болуп жаткан күңгөй-тескейди билип туруш үчүн элдин көзөмөлү керек. Элдин көзөмөлүн камсыз кылып турган нерсе - сөз эркиндиги жана журналистика. Сөз эркиндиги болбосо, эркин журналистика болбосо анда коомдо бийлик бутактарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болбой калат. Бул - алтын эреже, - деди Шыкмаматов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ээлик кылган «Апрель» телеканалы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары быйыл августта камакка коюлган. Сентябрдан тартып интернет-канал катары иштей баштаган. Медиа-эксперттер муну да сөз эркиндигине чабуул деп баалашкан.

Атамбаев өзү бийликте турган кездеги оппозициялык көз караштагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге таандык экени айтылган «Сентябрь» телеканалы жабылган.

Акыркы учурда «Азаттык» радиосунун кабарчылары кабылган жагдайдан улам жергиликтүү жана эл аралык уюмдар да Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG