Кемерево облусундагы фитнес-клубдардын биринде машыктыруучу болуп иштеген кыргызстандык жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова учурда адистерге тапшырма берилгенин билдирди.
2-октябрда маалымат каражаттары Ленинск-Кузнецк шаарындагы кафелердин биринде болгон чатакта кыргызстандык 25 жаштагы жигит жабыркап, ооруканада каза тапканын жазышкан.
Кыргызстандык жигиттин өлүмү үчүн шектүү катары кармалган адам чатак учурунда мас болгону айтылууда. Анын жарандыгы тууралуу маалымат жок. Ишти Орусиянын Ички иштер министрлигинин Кемерево облустук башкармалыгы иликтеп жатат.
Маркумдун туугандары сөөктү кичи мекенине жөнөтүш үчүн акча топтоп жатышат. (SE)