Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Атамбаевдин тарапташтары 9-декабрга чейин камакта калышты


Кой-Таш, 7-август, 2019-жыл.
Кой-Таш, 7-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтырууну чечти. 

Алар - Фархад Бабиев, Алга Кылычов, Кыяс Смайлов жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев. 

30-сентябрда Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкинанын үй камагындагы, ал эми партиянын дагы бир мүчөсү Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узарткан.

Ирина Карамушкина 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда күч кызматкерлерин барымтага алууга тиешеси болушу мүмкүн деп шек саналууда.

Кармалгандар муну бийликтин куугунтугу деп эсептешет. 

 

XS
SM
MD
LG