Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Егор Скобеев ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду


Егор Скобеев.
Егор Скобеев.

Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, камакка алынган Егор Скобеев ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду.

Бул маалыматты атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов ырастады.

Скобеев Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козгогон кылмыш иштин алкагында коррупцияга байланыштуу шектүү катары 21-сентябрда кармалган. Иштин чоо-жайы боюнча расмий органдар кенен маалымат бере элек.

Өкмөттүн сайтындагы маалымат боюнча, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген.

2018-жылдын апрелинен тарта өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы болуп иштеп келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG