Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Контейнерде окуган балдар клубдун имаратында окуй башташты


Кеңеш айылындагы «мобилдүү мектеп».
Кеңеш айылындагы «мобилдүү мектеп».

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар бүгүнтөн баштап жергиликтүү клубдун имаратында окуй башташты. Бул тууралуу “Азаттыкка” 3-октябрда Дөбөлү айыл аймагынын башчысы Уланбек Алсеитов кабарлады. Анын айтымында, клубда төрт класс жасалып, окуучулар кезектешип эки маал окуп жатышат. Жылуулук системасына жана башка иштерге мамлекеттик бюджеттен 958 миң сом бөлүнгөн. Бул иштерди тендерден уткан компания 820 миң сомго жасап берген.

Кеңеш айылында окуучулардын бир бөлүгү салмагы 20 тонналык беш контейнерде билим ала башташкан. «Мобилдүү мектептерде» окуу ыңгайсыз болуп жатканы айтылып, бул коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.

Буга чейин өкмөт контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, окуусун ошол жактан улантарын билдирген. (КЕ/MiK)

XS
SM
MD
LG