Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Касымалиева: Каркырада балдар мончодо окуп жатат


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айылында балдар эски мончонун имаратында окуп жатышканын билдирди. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 3-октябрдагы жыйынында айтты:

- Санташ айыл өкмөтүнүн Каркыра айылында мектеп 15 чакырым алыс жайгашкандыктан башталгыч класстын окуучулары мончодо окуп жатышат. Ал мурдагы мончонун имараты, жанында ФАП бар. 16 бала окуйт. Окуу класстарынын жоктугунан бир-эки класс бириккен. Кышында кабинеттер жылыбайт.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда учурда 190дон ашык мектеп авариялык абалда турат. Касымалиева анын ичинен 24ү Ысык-Көл облусунда экенин кошумчалады. Өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептерди оңдош үчүн 13 млрд. сомдон ашык каражат керек. (BTo)

XS
SM
MD
LG