Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш кайра жанданды


Алишер Саипов.
Алишер Саипов.

Кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу 2013-жылы токтотулган кылмыш иши кайра жанданды.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна журналисттин иниси Шохрух Саипов кабарлады. Иштин жанданганы тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциацияга (IFEX) берген жообунда жазылган.

Ага ылайык, Ош облустук прокуратурасы ушул жылдын 29-августунда тергөөчүнүн буга чейинки ишти токтотуу тууралуу чечимин жокко чыгарган жана тергөө жүрүп жатканы белгиленген.

- Баш кеңсеси Канадада жайгашкан эл аралык уюм, июль айында прокуратура органдарына менин агамдын иши боюнча маалымат алуу үчүн кайрылган экен, - деди Шохрух Саипов. - Ошондо иш жандаганы тууралуу маалымат айтылыптыр. Иш токтогондо Алишер Саиповдун үй-бүлөсү катары бизге маалымат берилген эмес. Азыркы маалыматты угуп кубанып жатабыз. 12 жыл мурда агамды өлтүргөн адамды табуу мүмкүн болбосо керек. Муну деле түшүнүп турабыз. Бирок өлтүрүүгө эмне, ким себеп болгону тууралуу биздин үй-бүлөгө, коомчулукка ачык-айкын маалымат берилсе жакшы болмок. Биздин үмүтүбүз ошол. Жанданган иштин алкагында агам каза болгон учурда жанында болгон адамдар менен көздөштүрсө жакшы болот эле.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын кабарлады.

Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз адамдар Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. 2010-жылы Алишердин өлүмүнө шектүү катары 20 жылга соттолгон жарандын күнөөсүз экени далилденген. 2012-жылы иш кайра жанданып, 2013-жылы декабрда токтотулган.

Алишер Саипов 2005-жылдагы революцияны, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясынын кесепеттерин кызуу чагылдырган.

Журналист курман болгон кезде болгону 26 жашта болгон. Ал «Америка добушунда», «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында, «Фергана.ру» маалымат агенттигинде, «Демос-таймс» жана өзү негиздеген «Сиёсат» гезитинде иштеген.

Саиповдун ысымы Вашингтондогу «Newseum» маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG