Бул жылы төртүнчүсү уюштурулуп жаткан фестивалга 17 өлкөдөн миңге жакын спортчу катышууда. Түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген спортчулар конокторго көк бөрү, ордо жана жаа атуу сыяктуу көчмөндөрдүн салттуу оюндарын көрсөтүшөт. Ошондой эле фестивалга катышкан өлкөлөрдөн келген ашпозчулар улуттук тамактарынын көргөзмөсүн уюштурушат.
Фестивалдын алкагында Түркиядагы Ван кыргыздары тушоо той, бешик той жана келин той сыяктуу кыргыздардын үрп-адатын чагылдырышат.
Түркияда өтүп жаткан этнофестиваль Этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурулуп жатат. Конфедерация 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт. (ElB)