Кыргызстандын аймагында 4-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда, Чүй, Талас облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21,
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7 суук, күндүз 3...8 градус болот.
4-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 20…22° болот.