Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:10

Тбилисиде Грузия-НАТО кызматташтыгы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.

Грузияда Түндүк Атлантикалык кеңештин (NAC) эки күндүк сапары башталды. Бул биримдикке НАТОдогу 29 өлкөнүн өкүлдөрү кирет жана аны альянстын баш катчысынын орун басары Роуз Гетемюллер жетектейт.

Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өтөт, Грузиянын премьер-министри Георгий Гахариянын төрагалыгы алдында НАТО-Грузия комиссиясы жыйын курат.

Түндүк Атлантикалык кеңештин өкүлдөрү ошондой эле Батуми портуна барып, Грузиянын жээк сакчыларынын кемелерин көрүп чыгышат. Роуз Гетемюллер Батуми мамлекеттик университетинде дарс окуйт.

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Владимир Константиниди NAC ушуну менен Тбилисиге быйыл бешинчи ирет келип жатканын белгиледи. Ал муну эки тараптуу алака-катыштын тарыхындагы «мурда болуп көрбөгөндөй окуя» деп сыпаттады.

Министр сапардын алкагында Грузиянын НАТОго мүчө болуп киришине байланышкан бардык маселелер талкууланарын белгиледи.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG