Ирактын борбор шаары Багдадда мамлекеттик мекемелер, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана элчиликтер жайгашкан райондо 2-октябрда жардыруу болду. Айрым бир маалыматка караганда «жашыл аймакка» эки ракета кулаган. Кол салууда жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Мунун алдында өлкөнүн премьер-министри Адел Абдул Махди калайман нааразылык акцияларынан улам Багдадга коменданттык саат жарыялаган.
Борбор шаарда бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясынын жана суунун улам өчүрүлүп жатышына нааразы болуп жатышат.
Айрым маалымат каражаттары демонстранттарга коопсуздук кызматы ок атканын, бир канча адам каза болгонун, жүздөгөн жарандары жарадар болгонун жазып чыгышты. Бийлик мындай маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Ирактын бир топ аймактарында Интернет чектелип, «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», «Whatsapp» өңдүү социалдык тармактарга, мессенжерлерге бөгөт коюлду.