Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Жерүй боюнча жыйын өткөрүүгө чакырган жарандык активист суракка чакырылды


Айбек Бузурманкулов.
Айбек Бузурманкулов.

«Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең» деген аталышта элдик жыйын өткөрүү боюнча демилге көтөргөн жарандык активист Айбек Бузурманкулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берүүдө. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова «Азаттыкка» ырыстап, Бузурманкулов факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суралганын айтты. Ал кайсы иш экенин «тергөөнүн кызыкчылыгы» деген жүйө менен тактаган жок.

Бузурманкулов «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, ал Жазык кодексинин 310-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга чакырык») негизинде факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралып жатат.

Бул иш боюнча болжол менен он чакты киши суралууда. Мунун алдында демилгечи топ Таласта 1-октябрда Жерүй алтын кени боюнча элдик жыйын өткөрүүнү пландаган. Алардын пикиринде, баасы 5 млрд. долларга барабар, алтындын ири кору бар кенди иштетүү укугун 100 млн. долларга берүү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет. Демилгечи топ жеке компанияларга берилип кеткен Жерүй сыяктуу кендерге мамлекеттик үлүш киргизүүнү сунуш кылган. Бийликтин эскертүүсүнө байланыштуу элдик жыйын өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылган.

Бузурманкуловдун буга чейин айтканына караганда, 27-сентябрь күнү айрым коомдук ишмерлер менен жарандык активисттер тобу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабыл алуусунда болуп, Таластагы «Жерүй» алтын кенинин айланасында пикир алмашкан. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өкмөт башчы менен жолугушууда тоо-кен тармагы, өлкөдөгү кен байлыктардын абалы тууралуу талкууланып, кыргыз паспортундагы «улуту» деген графа жөнүндө сөз болгонун билдирди. Акун жыйында аткаруу комитетинин кээ бир мүчөлөрү маалымат каражаттарына бир жактуу, туура эмес маалымат бергендиги боюнча сөз болгонун, мындан соң Бузурманкулов кечирим сураганын айтты.

XS
SM
MD
LG