Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Өкмөт уранга каршы мыйзамды колдой турганын жарыялады


Уранды иштетүүгө каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.
Уранды иштетүүгө каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Өкмөт Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдой турганын жарыялады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, өкмөт депутаттар тобу иштеп чыккан уранга каршы мыйзам долбоорун илгерилетүүгө тоскоолдук кылган кандайдыр бир жашыруун аракеттерди жасаган жок.

24-июнда бул мыйзам долбоорун жактыруу боюнча өкмөттүн расмий корутундусу чыгып, ал мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун атына жөнөтүлгөн.

Маалыматта өкмөт жалпысынан мыйзам долбоорун колдой турганы жана айрым редакциялык мүнөздөгү сунуштарды эске алууну сунуш кылганы айтылат.

Уранды казууга каршы мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов парламенттин 2-октябрдагы жыйынында өкмөт беш айдан бери мыйзам боюнча корутундусун бербей, документти кароо алдыга жылбай турганын айтып чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG