Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Желим баштыкка салык салынышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ички рыногунда полимердик жана желим баштыктарды сатууда жана импорттоодо аларды өлкө аймагында утилдештирүү үчүн төлөмдөр киригизилиши мүмкүн. Өкмөт “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Бул мыйзам долбоор айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимер менен пластикалык материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктардын калдыктарын азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары долбоордо утилдештирүү жыйымдарын киргизүү менен кагаз пакеттерин колдонууга өтүү маселеси камтылган.

“Учурда полимердик жана пластик материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктар күнүмдүк турмушта көп колдонулууда, андан кийин катуу тиричилик калдыктар таштандыларынын аймагына чогулат. Бул баштыктардын экономикалык жактан пайдасыз болуп жатканын эске алганда , аны сорттоонун кажети жок, ал айлана-чөйрөнүн булганышына таасирин тийгизет”, - деп жазылган өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Мындан сырткары полимердик жана желим баштыктар табигый климаттык факторлордун таасири менен жок болбой турганы, аларды жок кылып өрттөө айланы-чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу өзгөрбөс органикалык булгоочу заттарды бөлүп чыгара турганы белгиленген.

Буга чейин айрым дерпутаттар Ысык-Көлдүн аймагына желим баштыктар менен идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташкан.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.

Маалыматтарга таянсак полиэтилен баштыктар жерде 100 жылдан кийин гана чирийт. Ал эми биобаштыктар 24 айда чирип жок болот.

Экологдордун маалыматы боюнча, 2012-жылы дүйнөдөгү океандарда топтолгон пластик таштандылардын көлөмү 165 000 000 тоннаны түзгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG