Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

Абдыкалык Рустамовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Абдыкалык Рустамов.
Абдыкалык Рустамов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун камактагы мөөнөтүн 30-ноябрга чейин узартты. Ал эми жардамчысы үй камагында болот. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Рустамов менен анын жардамчысы 30-июлда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматка караганда, алар чет элдик жарандан жер фондунан 5 гектар участок берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган.

Биринчи май райондук соту 2-августта Рустамов жана анын жардамчысынын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган. Кийин жардамчысынын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG