Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Путинди кетиргиси келген бакшынын акылы жайында эмес деп табылды


Александр Габышев.
Александр Габышев.

Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасында полициянын тергөөсүнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен Александр Габышев акыл-эси ордунда эмес деп табылды. Бул тууралуу «Ачык Орусия» укук коргоо кыймылынын координатору Валентина Дехтяренко билдирди. Анын айтымында, Габышевдин адвокаттары муну четке кагып, көз каранды эмес экпертиза жүргүзгөнү жатышат.

51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй ушул жылдын март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокери» деп эсептей турганын, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.

Александр Габышев өткөн айда Бурятияда жүргөндө камакка алынган. Ага «Экстремизмге чакыруу» боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Габышевдин тарапкерлери бакшынын ишин аягына чыгарыш үчүн анын жолун улай турганын айтып чыгышкан. Бирок көп өтпөй эле мындай ойлорунан кайткан жана бийликти басым-кысымга байланыштуу күнөөлөшкөн.

Якутиянын тургундары Габышевге карата кылмыш куугунтугун токтотууну талап кылган петиция жарыялашкан. Миңден ашуун киши кол койгон петицияда Габышев «өзүнүн диний көз карашына ылайык гана оюн билдирген» деп айтылат.

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бакшынын кармалышы менен Кремлдин эч кандай байланышы жок экенин журналисттерге билдирген.

XS
SM
MD
LG