Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Ирактагы нааразылык акцияларында бери дегенде 21 адам өлдү


Багдад, 2-октябрь, 2019-жыл.
Багдад, 2-октябрь, 2019-жыл.

Иракта өкмөткө каршы митингдерде бери дегенде 21 адам каза болуп, жүздөгөнү жаракат алды. Арасында жөнөкөй жарандар да, полиция кызматкерлери да бар экенин «Associated Press» агенттиги жазды.

Коменданттык саат жарыяланганына карабай 3-октябрда да өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланды. Полиция демонстранттарга ок атуучу курал менен көздөн жаш агызган газ колдонду.

Багдадда мамлекеттик мекемелер, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана элчиликтер жайгашкан райондо 2-октябрда жардыруу болду. Айрым бир маалыматка караганда «жашыл аймакка» эки ракета кулаган.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясынын жана суунун улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат.

Социалдык тармактарда өкмөттүн отставкасын талап кылган чакырыктар жазыла баштады. Өлкөдө Интернет чектелип, «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», «Whatsapp» өңдүү желелерге, мессенжерлерге бөгөт коюлду.

XS
SM
MD
LG