Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Өзбекстанда жүрүшкө чыкканы үчүн камалган акын бошотулду


Махмуд Ражаб жана анын тарапкерлери.
Махмуд Ражаб жана анын тарапкерлери.

Ташкентке жүрүш баштаганы үчүн камалган 56 жаштагы акын Махмуд Ражаб 10 күндүк жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, 3-октябрда эркиндикке чыкты.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Махмуд Ражаб менен бир күндө кармалган блоггер Нафасат Аллашүкүрованын жагдайы белгисиз бойдон калууда.

Махмуд Ражаб өзүнүн туугандары жана тарапкерлери менен бирге милицияга нааразы болуп, 22-сентябрда Хорезм облусунан Ташкентке жөө жүрүшкө чыккан. Эки күндөн соң алар кармалган. Айрымдарына айып пул салынып, Ражаб менен Аллашүкүрова он күнгө камалышкан.

Махмуд Ражаб Түркиядан акын, оппозициялык көз карашы менен белгилүү болгон өзбек коомдук ишмери Мухаммад Салихтин китептерин Өзбекстанга алып келгени үчүн беш айдан бери тергөөгө каттап жүргөн.

XS
SM
MD
LG