Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Британия Евробиримдиктен чыкса да Кыргызстан менен соода шартын өзгөртпөө сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын Лорддор Палатасынын мүчөсү Вейверли 3-октябрда Лорддор Палатасында өткөн дебаттарда өкмөткө кайрылып, Улуу Британия Евробиримдиктен чыккан күндөн кийин да Кыргызстан жана жети башка мамлекетке берилген жеңилдетилген соода шарттарын калтыруусун талап кылды. Ал Кыргызстандын жаңы элчиси Эдил Байсалов менен жолукканын айтып, бул маселе боюнча коңгуроо каккылап жүргөнүн белгиледи.

Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкта акыркы жылдары көңүл бурулган тармак экономикалык алака болууда. Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген. Бул система алкагында кыргыз ишкерлери 6,5 миңдей товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган.

XS
SM
MD
LG