Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:43

Жээнбеков: «Коопсуз шаар» - пайда көздөгөн экономикалык долбоор эмес


Сооронбай Жээнбеков. 4-октябрь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргени жол эрежесин бузгандар да, жол кырсыктары да эки эсе азайганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы Бишкекте өтүп жаткан «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференцияда айтты.

- Бул долбоор өкмөткө пайда көздөгөн экономикалык долбоор эмес, жол кырсыгын жана өлүм-житимди азайтууга багытталган, - деди ал.

Президент мамлекетте санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары көрүнө баштаганын билдирип, бул багытта бардык аракеттерди колдорун кошумчалады.

Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференция өтүп жатат. Аны кыргыз өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Борбор Азия Университети жана Жаңы технологиялар паркы уюштурган.

Ага 12 өлкөдөн жаңы технология боюнча 20дан ашык адис жана Борбор Азиядагы 100дөн ашык эксперт катышууда. Конференцияда санариптешүү, киберкоопсуздук, билим берүү жана илимий изилдөө жаатында жаңы технологияларды колдонуу маселелери талкууланат.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.

Ал эми «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңди. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (34)

XS
SM
MD
LG