Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:58

Иракта нааразылыктын курмандыктары 28 кишиге жетти


Ирак, 3-октябрь, 2019-жыл.
Ирак, 3-октябрь, 2019-жыл.

Иракта өкмөткө каршы митингге чыккандар менен полициянын кагылышуусунда бери дегенде 28 адам каза болуп, 400 киши жаракат алды. Арасында жөнөкөй жарандар да, полиция кызматкерлери да бар экенин «Associated Press» агенттиги жазды.

Багдадда коменданттык саат жарыяланганына карабай 3-октябрда да өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланды. Полиция демонстранттарга ок атуучу курал менен көздөн жаш агызган газ колдонду.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясынын жана суунун улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат.

Социалдык тармактарда өкмөттүн отставкасын талап кылган чакырыктар жазыла баштады. Өлкөдө Интернет чектелип, «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», «Whatsapp» өңдүү желелерге, мессенжерлерге бөгөт коюлду.

XS
SM
MD
LG