Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Чүйдөгү чокулардын бирине Усубалиевдин атын ыйгаруу каралууда


Турдакун Усубалиев.
Турдакун Усубалиев.

Чүй облусундагы чокулардын бирине мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, мындан тышкары Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда.

Буга чейин Усубалиевдин атын эски аянтка ыйгаруу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка 4-февралда кол койгон.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор кыштагында төрөлгөн. Совет доорунда 25 жылга жакын Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG