Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:44

Чоротегиндин маарекесине арналган эл аралык жыйын өтүүдө


Тынчтыкбек Чоротегиндин 60 жылдыгына арналган илимий жыйын. Өзү сүрөттө ак калпакчан.

Чыгыш таануучу, тарыхчы, журналист, публицист, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин 60 жылдык мааракесине карата «Кыргыз таануу маселелери: байыркы доордон азыркы мезгилге чейин» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өтүп жатат.

4-октябрда Бишкекте уюштурулган жыйында жергиликтүү жана Борбор Азия мамлекеттеринен, Орусиядан келген окумуштуулар илимий баяндамаларды жасашты. Бийликтен өкүл катары президенттик аппараттын өкүлү катышты.

Тынчтыкбек Чоротегиндин аты Борбор Азиядагы белгилүү тарыхчы катары аталып жүрөт. 2017-жылы басмадан чыккан «Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги - түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак» эмгеги – анын эң маанилүү илимий монографиясы.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG