Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Иранда орусиялык журналист Юлия Юзик кармалды


Юлия Юзик.
Юлия Юзик.

Орусиялык журналист Юлия Юзик Тегеранда кармалды. Иранда ал Израилдин атайын кызматы менен иштешкен деп айыпталууда. Жакынкы күндөрү сот болорун журналисттин жакындары билдиришти.

Журналист Борис Войцеховский Юзик бир канча жыл мурун Тегеранда кабарчы болуп иштегенин, чакыруу менен жакында кайра барганын жазды. Аэропортто эле анын паспортун алып, кайра мекенине кетип жатканда берилерин айтышкан.

Войцеховский тастыктагандай, аны Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлери 3-октябрда конок үйүндө ал жаткан бөлмөнүн эшигин бузуп кирип, кармап кетишкен. Юзик Москвага кыска телефон чалууга гана жетишкен, андан бери байланыш жок.

Юлия Юзик - жан кечти аялдардын тагдырын, Беслан трагедиясын баяндаган китептердин автору. 2016-жылы Мамлекеттик Думага депутаттыкка да ат салышкан.

XS
SM
MD
LG