Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Украина АКШдан дагы 150 ракета сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 150 даана "Javelin" ракетасын сатууга макул болду. Аскердик техниканын жалпы баасы 39 миллион долларга барабар экенин Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги билдирди.

Бул Украинага жеткириле турган "Javelin" ракеталарынын экинчи партиясы. Былтыр Кошмо Штаттар Киевге 200 ракета саткан.

Курал-жарактын дал ушул түрү АКШ менен Украина президенттеринин чуулгандуу телефондук сүйлөшүүсүндө да талкууланган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Владимир Зеленский Украина АКШдан мындан ары да курал сатып алууга ниеттенип жатканын айткан. Трамп жооп иретинде саясий атаандашы Жо Байдендин жана анын уулунун Украинадагы ишмердүүлүгүн иликтөөнү сураган. Конгресстеги демократтар Трамп АКШ жаранына зыян келтирүү үчүн украин президентине басым жасаган деп эсептеп, ага импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүшкөн.

Украинага учуучу аскердик куралдарды жеткирүүнү Трамптын администрациясы баштаган. Экс-президент Барак Обаманын тушунда Кошмо Штаттар бул өлкөгө учпай турган аскердик техниканы гана саткан.

XS
SM
MD
LG