Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Львовдогу учак кырсыгында беш киши каза тапты


Кулаган учак.
Кулаган учак.

Украинанын Львов шаарынын аэропортуна жакын жерде 4-октябрда Ан-12 учагы авариялык жагдайда конуп, беш адам өлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет бортто сегиз адам болгонун, үчөө жаракат алганын билдирди.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, учак Испаниядан Стамбулга жол тартып, орто жолдо майы түгөнүп калган. Май куюш үчүн Львов аэропортуна келатып, учуп-конуу тилкесине жетпей кулаган.

Учактагылар кайсыл мамлекеттин жараны экени, кандай жүк алып баратканы айтыла элек.

XS
SM
MD
LG