Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Помпео: Монтенегро менен АКШ аскердик келишимге кол коет


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Монтенегронун өкмөт башчысы Душко Маркович. Подгорица. 4-октябрь, 2019-жыл.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Монтенегронун өкмөт башчысы Душко Маркович. Подгорица. 4-октябрь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео НАТОго жакында эле мүчө болгон Монтенегро (Черногория) мамлекетиндеги сапарында Вашингтон менен Подгорица курал-жабдык боюнча ири келишимге кол коюуга даяр экенин билдирди.

Помпео президент Мило Жуканович, өкмөт башчы Душко Маркович жана тышкы иштер министри Срджан Дарманович менен жолугушту. Мурдагы Югославиянын курамына кирген Монтенегро Орусиянын каршылыгына карабай 2017-жылдын июнь айында НАТОго мүчө болгон.

Мамлекеттик катчы Кошмо Штаттар Монтенегро элин ар дайым дос жана өнөктөш катары колдой турганын айтып, андан ары сапарын улантты. Ал Түндүк Македонияга барып, өлкө жетекчилери менен жолугушту.

Өткөн жумада атын ачык айтууну каалабаган америкалык аткаминер, Помпео Монтенегро менен Түндүк Македонияда «Орусиянын бүлүндүрүүчү аракеттерин» талкууларын билдирген.

2016-жылы өлкөнүн аскердик альянска мүчө болушуна тоскоолдук кылуу максатында 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракети болгон. Ал окуяга байланыштуу сот бир катар орусиячыл саясатчыларды абакка кескен.

XS
SM
MD
LG