Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Черногорияда орусиячыл лидерлер соттолду


"Демократиялык фронт" кыймылынын лидерлери Анджия Манич менен Милан Кнежевич. 9-май, 2019-жыл.
"Демократиялык фронт" кыймылынын лидерлери Анджия Манич менен Милан Кнежевич. 9-май, 2019-жыл.

Черногориянын (Монтенегро) Жогорку соту орусиялыктардан, сербдерден жана өз өлкөсүнүн жарандарынан турган 14 адамды террорчулукка жана бийликти төңкөрүүгө аракет кылган деп айыптап, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратты.

Черногориянын Жогорку соту 9-майда чыгарылган өкүмүндө айыпталуучулар кылмыштуу уюм түзүп, өлкөнүн НАТОго кошулганына тоскоолдук жаратуу максатында 2016-жылдын октябрь айында бийликти төңкөрүү аракетин көрүшкөн деп тапты.

Айыптоонун версиясына караганда бул топ үч жыл мурунку парламенттик шайлоо маалында бийликти басып алып, ошол кездеги премьер-министр Мило Жукановичти жок кылып, орусиячыл бийлик орнотууну көздөшкөн.

Орусиянын чалгын кызматы - ГРУнун офицерлери деп боолголонуп жаткан эки киши Черногория бийлигине каршы кутум уюштурган деп айыпталып, сыртынан 15 жана 12 жылга кесилишти.

Судья Сьюзан Мугоша 9-майда өкүмдү окуп жатып “Шишмаков менен Попов Черногориянын НАТОго кошулушуна тоскоолдук жаратуу үчүн өлкөнүн Баш мыйзамына, саясий жана социалдык структураларына сокку уруп, өлкө элине атайлап уюштурган кылмыштуу аракеттери менен кол салууну көздөшкөн”, - деп билдирди.

Жогорку соттун судьясы Сьюзан Мугоша өкүм окуп жатат. Подгорица. 9-май, 2019-жыл.
Жогорку соттун судьясы Сьюзан Мугоша өкүм окуп жатат. Подгорица. 9-май, 2019-жыл.

Черногориянын оппозициядагы “Демократиялык фронт” кыймылынын орусиячыл эки лидери - Анджей Мандич менен Милан Кнежевич ар бири беш жылдан эркинен ажыратылса, алардын айдоочусу Михайло Каденович 18 айга абакка кесилди.

Кутумга айыпталган Сербиянын тогуз жаранынын ичинен эң катаал жаза мурдагы полиция кызматкери Бранислав Дикичке чыгарылды. Ал сегиз жылга эркинен ажыратылды. Сербиядагы ашынган улутчулдардын уюмуна мүчө эки адам сыртынан жети жылга кесилди. Калгандары эки-үч жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Сербиянын дагы бир жараны шарттуу кесилди.

Черногориянын оппозициядагы Элдик социалисттик партиясы сот чечимин сынга алды.

Партия тараткан билдирүүдө «айрым жоопкерчиликсиз адамдар Сербия менен Орусияны Черногориянын ички саясий талаштарына күнөөлөгүсү келет», -деп жазылган.

Ал эми Сербиянын оңчул «Двери» деп аталган саясий кыймылы өкүм боюнча «бул сербдерге каршы репрессиянын уланышы. Черногориядагы жалпы кырдаалды жана эч жоголбогон сербофобияны эске алганда адилеттүү соттук териштирүү болгон жок», - деген билдирүү таркатты.

Кремль бул окуяга Орусиянын бийликтеги өкүлдөрүнүн катыштыгы болгон деген дооматтарды четке кагып келет.

Соттук жараян өтүп жаткан маалда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Подгорица. 9-май, 2019-жыл.
Соттук жараян өтүп жаткан маалда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Подгорица. 9-май, 2019-жыл.

Черногория 2017-жылы НАТОнун 29-мүчөсү болгон. Бул кадам Орусия тарабынан сынга алынган жана Москва менен жакын алаканы көздөгөн монтенегролуктар каршы чыгышкан.

Өлкөнүн 2000ге жетпеген аскери бар армиясы НАТОго сезилерлик салым кошпосо да, Адриатика деңизин бойлой кеткен 293 чакырым чек арасы стратегиялык мааниге ээ.

Мило Жуканович 2018-жылы президент болуп шайланган. Анын Социал- демократиялык партиясы ондогон жылдардан бери бийликте.

Бирок өкмөт учурда коррупция жана авторитаризмге айыпталып, өлкөдө утур-утур каршылык акциялары өтүп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG